Баткендин Лейлек районунун Максат айылында бийиктиги 40 метр болгон флагшток орнотулду. Туу көтөрүү саамалыгы бүгүн, 28-май чек арачылар күнүнө карата уюштурулду.
Маалымдалгандай, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул туурасында SUPER.KG порталына облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Максат айылы Тажикстан менен чектешип турат.