Казакстанда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Эл аралык мелдеште 3 кыргызстандык мушкер жарым финалга чыкты

Казакстанда өтүп жаткан өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы Эл аралык мелдеште 3 кыргызстандык мушкер жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын жаштар курама командасынын машыктыруучусу Мирлан Жээнбаев билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Менгерей Хайрутдиновдун жаркын элесине арналган мелдеш Алматы шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Куба, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын 130дан ашуун мушкерлери катышууда.

Кыздар арасында кыргызстандыктардан жарым финалга Уркуя Эшмамбет кызы (69 килограмм салмакта) менен Бегимжан Касымова (80 кг) чыгышты.

Ал эми жаш мушкерлер арасында жарым финалга жеткен кыргызстандык Ыктияр Шабданбеков 64 килограмм салмакта рингге чыкты.

Маалым болгондой, жарым финалга чыккан кыргыз кыздары финалга жолдомо алуу үчүн казакстандыктарга каршы турса, Ыктияр Шабданбеков Өзбекстан курама командасынын өкүлү менен беттешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан