Баткенде милиция кызматкери экенин айтып жарандан акча алган тургун кармалды 

Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал ушул жылдын 16-февралында "Баткен ОИИБинде иштейм" деген белгисиз адам өзбек таанышына Кыргыз жарандыгын алып берем деп 40 миң сомун алып из жашырып кеткенин айткан. Ошондой эле ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда З.У. көрсөтмө берип, анда жаран А.Р. 40 миң сом акчаны жана Өзбек жараны Х. А. таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, аскердик билетин жана паспортун да алгандыгын билдирген.

"Шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайына кыргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кимде-ким ушундай көрүнүшкө дуушар болгон болсо, анда 03622- 5-02-26 0778 -32-99-92 номуруна кайрылсаңыздар болот", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан