Президент Садыр Жапаров "2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Мальдивы Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлайт.
Белгилүү болгондой, аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 3-майында колдоп берген.
Ага ылайык, Кыргызстандын жана Мальдивы мамлекети уруксат берген кызматтагы жарандары, атайын өкүлдөрү мындан ары бири-биринин аймагына 30 күн визасыз кире алат.