Токмокто тургундун үйүнө уурулукка кирген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБине аталган шаардын тургуну К.К. арыз менен кайрылган. Ал арызында 12-майга караган түнү саат 03:00 чамасында үйүнө кирип 2 телефону жана акчасын уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Ф.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иши уланууда.