Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына Ооганстандан көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн алгачкы эки батирдин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Кабарлангандай, курулуштун пайдубалына капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элеттиктер катышты.
Маалыматта этникалык кыргыздарга акырындык менен толук шарттар түзүлө турганы белгиленет.
Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө өз компетенцияларына кирген маселелерди кечиктирбей чечүү жагы тапшырылганы кошумчаланды.