Бокс боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы 2014-жылы Кытайда өтүүчү Азия оюндарына даярдыктын алгачкы камын көрүп, машыгуу сборуна аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди.
Анын айтымында, машыгуу сбору 14-25-декабрь аралыгында Ысык-Көлдүн Тамга айылында өтөт. Машыгуу сборунан өтө турган курамга 15ке жакын мушкер кирди.