Бүгүн, 31-майда саат 10:03 чамасында Бишкек ШИИБинин "102" кызматына "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлгандыгы боюнча чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чалуу түшкөндө аймакка дароо Ленин РИИБинин тергөө ыкчам-тобу жөнөп кеткен.
"Азия Молл" соода борборунун аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, соода борбордун кызматкерлери жана жарандар эвакуацияланды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул маалыматты тактоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.