Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев Бишкектеги мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоону улантууда

Борбор калаада мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусу менен Манас кең көчөсү боюнча өз билемдик менен орнотулган объекттерди демонтаждоо уланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

"Аталган кең көчөнүн чыгыш тарабында (көпүрөнүн үстүндө) муниципалдык аймакка чыгып турган кире бериш топтор жана бастырмалар демонтаждалат. Мындан тышкары жарнамалык структуралар, белгилер жана стеллалар шаардан алынат" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан