Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Дастан Кадыров Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим,эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште коло байгеге ээ болду.
Кыргыз балбаны бул турнирге 63 килограмм салмак категориясында катышты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/4 финалдан баштаган.
Алгач өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми коло байге үчүн беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип алды.
Бул кыргыз курамасынын рейтингдик мелдештеги алгачкы медалы.