Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы финалга чыкты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Спортчу 76 килограмм салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, ал эми кытайлык спортчуну 6:3 эсебинде артта калтырды.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш 1-июнда башталган болсо, 4-июнда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан