Мээрим Жуманазарова мурдун сындырган казак балбанын жеңип алды

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин чейрек финалында Мээрим Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды.

Андан соң 1/2 финалдык беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилди. Эми спортчу коло медаль үчүн канадалык балбан менен күч сынашат.

Ал эми финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Буга чейин 11-апрелде Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия биринчилигинде Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык Шалыгина менен күрөшкөн.

Кармаштын 12-секундасында казакстандык балбан Мээрим Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурду канап кеткенине байланыштуу оюн токтолуп, жеңиш казакстандык спортчуга ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан