Атактуу футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабияда калып, ийгиликтерге жетүүнү көздөйт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы чабуулчу кышында "Аль-Наср" клубу менен келишим түзүп, бирок кубоксуз калды. Мындан улам көптөгөн басылмаларда Роналдунун жаңы чемпионаттан кетүүнү каалаганы тууралуу маалымат пайда болгон, бирок португалиялык футболчу бул божомолдорду жокко чыгарды.
"Мен клуб менен кубок утуп алам деп ойлогом, бирок оюм ишке ашкан жок. Акыркы 5-6 айда клуб жакшы эле алдыга жылды. Титулду жеңүү оңой эмес, бирок мен позитивдүү маанайдамын жана келечекте жакшы болоруна ишенем. Мен бул жерде бактылуумун жана уланткым келет. Менин оюмча, иш ушул эле маанайда уланса, Сауд Арабиянын чемпионаты дүйнөнүн алдыңкы беш лигасынын катарына кирет", - деген Роналду.
Кошумчалай кетсек, Роналду "Аль-Наср" клубу менен 2 жарым жылга келишим түзгөн жана анын жылдык кирешеси 200 миллион еврого жакын.