Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине карата уюштурулган кабыл алууда кыргыздын “Сары ой” ыры жаңырды. Видео социалдык тармактарга тарады.
Кыргыздын ыры болгон "Сары-Ой" инаугурациядан кийинки сый тамак учурунда жаңырган.
Эрдогандын инаугурация аземи кечээ, 3-июнда болуп, андан соң расмий кабыл алуу уюштурулду. Салтанат жана кабыл алуу аземине Кыргызстандан өлкө башчы Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова катышты.
Видео: Илязбек Балташев