
"Ала-Арча" жаратылыш паркы 6-июндан 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу парктын жетекчилиги маалымдады.
Паркты жабуунун себеби санитардык тазалоо иштерине байланыштуу экени айтылды. Мындан улам эс алуучулар паркка киргизилбейт.
"Ала-Арча" капчыгайы Кыргыз Ала-Тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 1600—4860 метр бийиктикте жайгашкан.