"Дүйнөгө күчтүү өлкө экенин дагы бир жолу далилдеди". Кыргызстан эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирде экинчи орунду ээледи  

Бишкек шаарында өткөн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште Кыргызстан эркин күрөш боюнча экинчи сапка жайгашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

“Кыргызстан беттештин төртүнчү күнүндө үч алтын медаль жеңип, эркин күрөш боюнча күчтүү өлкө экенин дүйнөгө дагы бир жолу эскертти” деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мелдештин акыркы күнүндө Азиянын күмүш медалынын ээси Алмаз Сманбеков (57 килограмм), Азия чемпиону Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм)жана Орозобек Токтомамбетов (70 килограмм) чемпион болушту. Ал эми Бекзат Алмаз уулу (57 килограмм), Алибек Осмонов (65 килограмм) күмүш медалга ээ болушса, Абдумалик Карачев (61 килограмм), Эрназар Акматалиев (70 килограмм), Икромжон Хаджимуратов (65 килограмм) коло байгеге татыды.

Алмаз Сманбеков менен Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясында беттешип, Алмаз Сманбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетишип 1-орунду ээледи.

61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алгач индиялык балбан менен кез келип, атаандашынын жаракатынан улам жеңиш Жумашбек уулуна ыйгарылган. Ал эми чейрек финалда түркиялык балбанды 5:4 эсебинде, жарым финалда индиядык балбанды 7:0 эсебинде жеңген. Чечүүчү беттеште болсо грузиялык балбанды 8:2 эсебинде жеңип ,1-орунду багындырды.

Ушул эле салмак категорияда Абдумалик Карачев финалда өзбекстандык балбан менен күч сынашып, коло байгеге ээ болду.

Орозбек Токтомамбетов (70 килограмм) болсо алтын медаль үчүн болгон казакстандык балбанды 3:2 эсебинде жеңди.
Ал эми
Эрназар Акматалиев (70 килограмм) грузиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңип 3-орунду ээледи.

65 килограмм салмакта күрөшкөн Алибек Осмонов финалдык беттеште монголиялык балбанга 5:2 эсебинде жеңилип 2-орунду камсыз кылса, Икромжон Хаджимуратов 3-орун үчүн беттеште аргентиналык балбанды 8:2 эсебинде жеңип коло медалга ээ болду.

Эске салсак, грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеш Бишкек шаарында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан