Ошто жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китеп берилди. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык, күн мурун Ош шаарындагы Монуев көчөсүнүн 28 жашоочусуна кызыл китептер тапшырылды.
Мэриядан министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан жер мунапысынын алкагында бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалашты.