Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта байгелүү орундарга ээ болушту (фото)

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпы 72 окуучу катышкан.

Сынакта алдыңкы орун алган кыргыз окуучуларынын тизмеси:

1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;

2. Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;

3. Султан Мусаходжаев, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль.

Белгиленгендей, аталган сынакка Кыргызстандын атынан жалпы 8 окуучу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан