Жалал-Абадда көчө унаа жарышын уюштурган адамдардын тобу кармалды (видео)

Жалал-Абадда көчө унаа жарышын уюштурган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кабарлангандай, облустун жашоочулары, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаабейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада ушул жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаа жарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

Транспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган.

Бардык унаалар Жалал-Абад облустук ИИБинин айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды.

Жалал-Абадда көчө унаа жарышын уюштурган адамдардын тобу кармалды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан