Каракол аэропортун куруп жаткан эки адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы аэропортту куруу учурунда эки адамды темир конструкция басып калып каза болду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Кырсык кечээ, 5-июнь күнү кечке жуук болгон. Анда курулуп жаткан темир конструкция куруучулардын үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 1 адам каза болсо, дагы эки адам ооруканага оор абалда жеткирилген. Тилекке каршы, жандандыруу бөлүмүнөн дагы бир адам каза болгон.

Каза болгондордун жакындары аэропортту реконструкциялоодо коопсуздук чаралары сакталган эмес деп айтышып, нааразычылык билдиришкен.

Учурда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул фактыны иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан