Бишкектин "Дордой" футболдук клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойноп жаткан сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу менен кызматташууну ниет кылууда. Бул тууралуу аталган клуб социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Маалыматка караганда, өткөн аптада "Дордой" клубунун президенти Аскар Салымбеков үй ээлеринин чакыруусу менен Сауд Арабиянын Про-Лигасынын алкагындагы "Аль-Наср" менен "Аль-Фатех" беттешине барган. Тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана жаштар футболун өнүктүрүүнү талкуулаган.
Ошондой эле жолугушууда Салымбековго өзүнүн аты-жөнү жана "7" номери жазылган "Аль-Наср" клубунун футболкасы белекке берилген.
Белгилей кетсек, Криштиану Роналду дагы ушул номер менен оюн талаасына чыгат.