Биз социалдык тармакта

Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан жаран кармалды

Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан Кушубек Сабыров кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Оор кылыштарга шектелген 29 жаштагы Сабыров кечээ, 6-июнь күнү Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен колго түшкөн.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен.

Сабыров Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 2023-жылдын 30-май күнү өткөн.

Ал ортодо Башкы прокуратура шектүүгө абактан качууга жардам көрсөткөн милиция кызматкерлери кармалгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан