Ош-Баткен-Раззаков жолун курууда 189 миллион сом кымырылганы аныкталды

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолун реконструкциялоодо 189 миллион сом кымырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 миллион 136 миң 220 АКШ доллар которулгандыгы аныкталган.

Бирок, министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 миллион 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-(кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245- (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан