Бүгүн, 7-июнда Бишкектин Асанбай кичи районундагы ачык аянтта куураган чөп өрттөндү.
Ачык аянтта чыккан өрт акырындан жайылды. Унааларын бактын түбүнө токтотуп койгондор унаасын алууга жетишип, ээси жок унааларды ошол жердеги адамдар сүйрөп жолдун жээгине чыгарышты.
Учурда жеринде өрт өчүрүү кызматы иш алып барууда.