Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси америкалык "Интер Майами" клубу менен үч жылдык келишим түздү. Бул тууралуу Tyc Sports порталы жазды.
Маалыматка караганда, аргентиналыктын келишиминде “ал америкалык клубдан алгачкы эки сезондун аягында эркин агент катары кете алат” деген пункт бар.
Ал эми “Mundo Deportivo” порталынын маалыматында Месси ПСЖда жүргөндө өзүн бактылуу сезе албаганын айткан. “Париждеги эки жыл менин чечимиме таасирин тийгизди десем болот. Мен өзүмдү бактылуу сезген жокмун. Бул менин үй-бүлөлүк жашоомо да таасирин тийгизди», - деди Месси.
Эске салсак, 3-июнда аргентиналык чабуулчу франциялык "Пари Сен-Жермен" курамында акыркы беттешин өткөргөн. Мессинин аталган клуб менен келишими ушул айда аяктагандыктан, ал "Интер Майами” клубуна өттү.
Белгилей кетсек, америкалык “Интер Майами” клубу Дэвид Бекхэм жетектеген инвесторлор тобуна кирет.