АФКнын тескөөчүлөрү адистери кыргызстандык “Алай” футболдук клубунун майданда кийилүүчү формасы менен таанышышты

Азиялык футбол конфедерациясынын (АФК) тескөөчү адистери бүгүн, 11- декабрда кыргызстандык “Алай” футболдук клубунун майданда кийилүүчү формасы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу клубдун басма сөз катчысы Медер Сталбек уулу билдирет.

Анын айтымында, АФКнын Кубогунун финалдык баскычына жана тандап алуу турларына катыша турган командалар бүгүн, 11-декабрда тиешелүү кишилерге өз формаларын көрсөтүштү.

Негизи, мелдештин катышуучулары формаларында АФКнын Кубогунун жана АФКнын логотиптерин чагылдырууга тийиш. Тандап алуу турунда ойноп жаткан командалар бул жобону аткарбоо укугуна да ээ.

Эске салсак, Кыргызстандын 2013-жылкы сезонунун чемпиону “Алай” командасы АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына өтүү үчүн палестиналык “Шабаб Аль-Дахирия” командасы менен беттеш өткөрөт. Эгер бул оюнда утуп кетсе, анда “Алай” АФКнын Кубогунун финалдык баскычында ойногон алгачкы кыргызстандык клубга айланат. Анткени буга чейин кыргызстандык клубдар деңгээли жагынан бул мелдештен кийинки баскычта турган “АФКнын президентинин Кубогу” мелдешине катышып келишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shatiko
2013-12-11 19:12:13
Ийгилик кыргыздын Футболчулары!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан