Португалиялык футболчу, мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында киргизилген голдордун саны боюнча рекорд койду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 10-декабрь түнү УЕФАнын ЧЛсынын тайпалык баскычынын 6-тур оюндарынын алкагында даниялык “Копенгагендин” дарбазасына бир гол киргизди. Муну менен Криштиану Роналду тайпалык баскычта киргизген голдорунун санын тогузга жеткирип, 2013-2014-жылкы сезондогу бомбардирлердин алдынкы сабында келүүдө.
Буга чейин Эрнан Креспо, Филиппо Индзаги жана Руд ван Нистелрой сыяктуу оюнчулар тайпалык баскычта сегизден гол киргизип, рекорд коюшкан.