"Мен баратам". Ирандык Гераеи Акжол Махмудов боюнча билдирүү жасады

Буга чейин Дүйнөлүк күрөш уюмунун инстаграм баракчасына "Дүйнөдө Акжол Махмудовду ким токтото алат?" деген суроо менен билдирүү жарыяланган.

Бул билдирүүнүн алдына Акжол Махмудовдун эзелки атаандашы, ирандык Мохаммадали Гераеи билдирүү калтырды. Ирандык балбан анда мен токтотом дегендей кыйытты.

"Мен бара жатам. Мен анын шаарына бардым, бирок ал жөнүндө эч кандай жаңылык уккан жокмун", - деп жазды Гераеи.

Махмудов менен Гераеи алгачкы жолу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын финалында кез келген. Анда ирандык балбан жеңишке жеткен. Ошондон бери эки балбан бири-бири менен күрөшө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-12 14:16:00
Ак жол иним алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан