Бишкекте жигитти уурдап кетишти. Шектүүлөр Ысык-Атадан кармалды 

Бишкектен адам уурдоого шектелгендер Ысык-Ата районунан кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-июнь күнү белгисиз адамдар Панфилов көчөсүнөн бир жигитти уурдап кетишкен. Бул факты боюнча милиция кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Ысык-Ата районунун аймагынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.И., 1999-жылы туулган Э.Э., 2000-жылы туулган Э.С. жана 2000-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан