"Кумтөр" ишканасынын мурдагы убактылуу башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 10-июнда Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысына шектелип 1988-жылы туулган Т. уулу А. кармалганын маалымдаган.
Ал жетекчи болуп иштеп жүрүп ишканадан 274 миң 325 сомдук продукция алып, бирок сатуудан кийин кассага акчасын бербей, изин жашырып кеткен деп айтылып жатат.
Аталган факты боюнча "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Ал эми шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.