Ошто бажы кызматкерлери аткезчиликке көмөк көрсөтүүгө шектелип кармалды

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер системалуу түрдө аткезчилик жолу менен товарларды ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта “К.Г.” ЖЧКнын, “Г.Д.” ЖЧКнын, “А.Т.” ЖЧКнын жана “К.Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

"Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча “Ош” Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле компаниялардын өкүлдөрү Т.Т.Ж. жана А.А.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан