"Манчестер Юнайтед" футболдук клубу катардык шейхке сатылат

“Манчестер Юнайтед” футболдук клубу катардык шейх Хамад бин Жасим бин Жабер Аль Таниге сатылат. Бул тууралуу Катардын “al watan” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, клубдун ээси катары белгилүү америкалык Глейзер ишкерлер үй-бүлөсү беш жолку сүйлөшүүдөн кийин “Манчестер Юнайтедди” сатууга макулдугун берген. Ал эми расмий маалыматты англиялык клуб жакын арада кабарлай турганы айтылды.

Ошондой эле клубдун баасы 6-7 миллиард фунт стерлингге бааланып жатканы маалымдалды.

Эске салсак, “Манчестер Юнайтед” клубу Англиядагы беделдүү клубдардын бири. Анда Криштиану Роналду, Дэвид Бекхэм сыяктуу атактуу футболчулар оюн көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан