Башкы машыктыруучу Штефан Таркович "CAFA Nations Cuр 2023" турниринин алкагындагы Иран менен боло турган беттешке карата команданын курамын бекитти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
"Ак шумкарлардын" Иранга каршы курамы: Дарбазачылар: Токотаев Эржан, Коченков Антон, Чомоев Султан;
Коргоочулар: Христиан Браузман, Айзар Акматов, Кайрат Изаков, Сүйүнтбек Мамыралиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Тамирлан Козубаев, Валерий Кичин;
Жарым коргоочулар: Эрбол Атабаев, Одилжон Абдурахманов, Алимардон Шукуров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров, Гүлжигит Алыкулов, Турсунали Рустамов, Бактияр Дүйшөбеков;
Чабуулчулар: Молдожунусов Эльдар, Жоэл Кожо, Батырканов Эрнист, Алыгулов Максат, Землянухин Антон жана Мурзаев Мирлан.
Белгилей кетсек, беттеш эртең, 16-июнда Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо өтөт.