Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Маурисио Сулейман орусиялык мушкер Дмитрий Биволдун билдирүүсүнө жооп берди.
Буга чейин WBC уюму Бетербиев менен Биволдун беттешин уюштурууга саясий кырдаалдан улам каршы чыгып, буга Бивол нааразычылыгын билдирген. Эми ал Бетербиев менен болгон беттешке Кыргызстандын желеги менен чыгышы мүмкүн.
"Биздин позициябыз жеке адамдарга багытталган эмес, эгер бул кимдир-бирөөнү таарынткан болсо, биз кечирим сурайбыз. WBC тынчтык үчүн жана бийликти кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшкөн уюм. Ушундай кырдаалда ал курмандык болуп калганы өкүнүчтүү", - деген Сулейман Boxing Scene басылмасына.
Ошондой эле ал эгер Дмитрий Бивол башка өлкөнүн желеги менен чыкса Бетербиев сыяктуу (Канаданын атынан чыгат) беттештерге катыша аларын кошумчалаган.