Бишкекте 130 килограммдан ашык кара куурай бадалдарын өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коомсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Ага ылайык, тийиштүү кызматкерлер ушул жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында Ч.Б.Т. аттуу жарандын жеке үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдарын табышкан. Анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
"Табылган жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды.
Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 кг болду", - дешти мекемеден.
Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, УКМК башка милдеттер менен катар баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн табуу, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүүдө.