Биз социалдык тармакта

 "Кыргызавтожол" ишканасына жаңы директор дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Жумаш Содомбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Белгиленгендей, ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июндагы тескемесине ылайык дайындалды.

Содомбаев буга чейин аталган "Кыргызавтожол" ишканасында директордун биринчи орун басары, ага чейин Транспорт министрлигинин "Жол чарба" департаментинин директору, ошондой эле директордун орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан