Лионель Месси Пекинде карьерасындагы эң тез голду киргизди (видео)

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси Пекин шаарында өткөн Австралияга каршы оюнда карьерасындагы эң тез голду киргизди.

Гол старт ышкырыгы жаңыргандан бир мүнөт 19 секунддан кийин киргизилди. Месси айып аянтчанын жанынан пас алып, андан кийин солго жылып, бир коргоочуну айланып өтүп, дарбазага таамай сокку узатты.

Бул Лионель Мессинин карьерасындагы эң тез голу болду. Буга чейинки рекорду 2018-жылы болгон. Анда Месси "Челси" клубуна каршы оюнда 2 мүнөт 7 секундда гол киргизген.

Оюн 2:0 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан