Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ирандын командалары беттешет. Ага байланыштуу айрым көчөлөргө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 16:00дөн баштап оюн бүткөнгө чейин төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:
- Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.