
Бишкекте бүгүн, 16-июнда "Причал -24" мейманканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды. Тилсиз жоо саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн болжолдуу аянты 300 чарчы метрди түздү. Анда жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.