Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойной турган болду. Бул тууралуу эл аралык мелдештин «A» тайпасынын жыйынтыктоочу оюнунда белгилүү болду.
Кечээ, 17-июнда турнирдин алкагында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан беттештери орун алды.
Биринчи оюнда Оман курамасы 2-0 эсеби менен утса, экинчи беттеште талаа ээлери 5-1 эсеби менен өздөрүнө ишенимдүү жеңишти камсыздашты.
Бул тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан курамасы Иран курамасы менен финалда беттешет.
Тайпада экинчи орунду камсыздаган Кыргызстан менен Омандун футболчулары турнирдин коло медалдары үчүн орун ала турган оюнда кез келет. Аталган беттеш 20-июнда Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда өтөт.
Улуттук курама команда бүгүн Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады.
Белгилей кетсек, 2024-жылы боло турчу Азия Кубогунда Кыргызстан Оман менен бир тайпада кез келет.