Лионель Месси Сауд Арабияда эс алганы үчүн эле эми 25 миллион евро алат

Атактуу футболчу Лионель Месси өлкөнүн дүйнөдөгү имиджин көтөрүү үчүн Сауд Арабиянын Туризм министрлиги менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул келишим боюнча Месси 3 жылдын ичинде болжол менен 25 миллион евро алат. Ал үчүн Лео Месси өлкөнү социалдык тармактарда жарнамалап, ошондой эле Сауд Арабияда үй-бүлөсү менен эс алуу күндөрүн өткөрүшү керек. Аргентиналык жаран өлкөдөгү эс алуудан түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасына жарыялашы керек.

Ошондой эле Месси Сауд Арабияны сындап жаза албайт.

2-майда футболчу Эр-Риядга "ПСЖ" клубунун уруксатысыз учуп кеткен жана андан кийин машыгуудан четтетилген. Месси сапарын токтото албастыгын айтса, айрым спорттук басылмалар Месси ушул эс алуусу үчүн эле 30 миллион доллардай тапканын жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-19 21:10:00
Аялы абдан сулуу, келбетуу, татынакай, жылдыздуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан