Бүгүн, 20-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасы менен ойнойт.
Белгиленгендей, улуттук кураманын Оманга каршы оюну Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.
CAFA Cup-2023 турниринин алкагында 17-июнда Ташкентте "A" тайпасында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан оюндары болгон. Биринчи оюнда Оман курамасы 2-0 эсеби менен утса, экинчисинде талаа ээлери 5-1 эсеби менен жеңишке жеткен.
Жыйынтыгында өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген Өзбекстан жана Иран курамалары финалда ойнойт. Тайпада экинчи орунду камсыздаган Кыргызстан менен Омандын футболчулары турнирдин коло медалдары үчүн кез келет.
Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы 17-июндан бери Ташкентте оюнга даярдык көрүп жатат.