Кечээ, 11-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннис боюнча Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жуптугунда чейрек финалда утулду. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина британиялык Жейд Виндли менен жуптукта мелдештин чейрек финалында британиялык теннисчилер Жоселин Рае-Анна Смит жуптугуна уттуруп жиберишти (3:6, 1:6).
Эске салсак, байге фонду 25000 долларды түзгөн мелдеш 9-декабрда старт алган.