Эртең Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкекте "Айтматовдун ааламы" аттуу көргөзмө ачылат
12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкектеги Улуттук китепканада "Айтматовдун ааламы" аттуу китеп-иллюстрациялык көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Ошондой эле залкар жазуучунун жаркын элесине арналган тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Иш-чара Улуттук китепкана жана Улуттук спортту өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштурулууда. Көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгын чагылдырган китеп, гезит жана журналдык макалалар коюлат. Көргөзмөгө бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери, Айтматовдун жакындары, окурмандар катышат. Ал эми тогуз коргоол оюну 16-декабрга чейин уланып, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Кытайдын спортчулары күч сынашат.