Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 47 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 22-июнда көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы жана таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо фактысын аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.
Ага ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандарга 6 протокол түзүлүп, 47 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан тышкары, белгисиз жерлерге таштандыларды таштоого жол бербөө үчүн бардык эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.