
Кыргызстанда 25-26-июнь күндөрү нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта сел тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жүрөрү айтылган. Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүп жатат.