Кыргызстандык балбан Калыбек Жолчубеков Казакстандын президентинин Кубогу үчүн өтүп жаткан Эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билдиришет.
Маалыматка ылайык, Калыбек Жолчубеков 55 килограмм салмакта 3 беттешин утуп, чемпиондукту камсыздай алды.
Казакстандын президентинин Кубогу үчүн болгон мелдеш 11-декабрда старт алган жана ага дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн жүзгө чукул балбан катышууда. Чемпиондук үчүн күрөштөр 7 салмак категориясында жүрүүдө.
Бул жолкусун эске алганда мелдеш 4-ирет өткөрүлүп жатат. Анын байге фонду 77 000 долларды түзөт. Алтын алган балбанга 5000 доллар каралса, күмүш ээсине 3000 доллар ыйгарылат. Ал эми коло медалдын ээлери 1500 доллар менен сыйланат.