"Манчестер Ситинин" капитаны Илкай Гюндоган "Барселонага" өттү

"Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Илкай Гюндоган "Барселонанын" катарына кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жарыялады.

Соңку сезондо англиялык клубда капитандык милдетти аркалап, бир канча титулдарды багынткан футболчу 30-июнда келишими аяктагандан кийин Испанияга учуп кетет. Каталондук команда дагы бул боюнча расмий билдирүү жарыялап, жаңы келишим 2025-жылга чейин түзүлгөнүн билдирди.

Футболчу өзү "Мен "Манчестер Ситини" "Барселона" үчүн гана таштап кете алат элем. Мен аталган клуб үчүн баарынан баш тартууга даярмын. "Барселонанын" формасы менен ойноо менин бала кезден берки кыялым", - деп билдиргенин айрым булактар жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 32 жаштагы Гюндоган "Манчестер Сити" клубунда 2016-жылдан бери оюн көрсөтүп келген. Ал Хосеп Гвардиоланын командасы менен 5 жолу Англия чемпиондугун, 4 ирет Англия лигасынын кубогун, 2 ирет Англия кубогун жана 2 жолу Англия Супер кубогун жеңип алган. Ошондой эле бул жылы Чемпиондор лигасын уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан