Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси Goal маалымат агенттигинин тандоосу боюнча, 2023-жылдагы "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин сап башында келе жатат. Аталган агенттик жаңыланган болжолдуу рейтингди 26-июнда жарыялаганын чет элдик спорт басылмалары жазды.
Месси өткөн сезондо "ПСЖ" менен Франциянын чемпиону, улуттук курама команда менен Дүйнө чемпиону болууга жетишкен. Эгерде бул жолу да "Алтын топту" жеңип ала турган болсо 8-ирет аталган сыйлыкка ээ болуп, тарыхый рекорд жаратат.
Тизмеде 2-катарга норвегиялык жаңы жылдыз Эрлинг Холланд жайгашкан. Ал "Манчестер Сити" менен өткөн сезондо "Алтын хет-трик" жасаган. Тактап айтканда, 3 маанилүү кубокту: Англия премьер-лигасын, Англия кубогун жана Чемпиондор лигасын жеңип алган. Ошондой эле, АПЛде бир сезондо 36 гол киргизип, "Алтын бутса" сыйлыгына да татыган.
Рейтингдин калган бөлүгү төмөнкүчө уланат:
Goal - футбол жаңылыктарына багытталган дүйнөдөгү эң ири маалымат агенттиктеринин бири.
"Алтын топ" сыйлыгы France Football журналы тарабынан ыйгарыла турган футбол ааламындагы эң беделдүү сыйлык. Ал футболчунун бир жылда жетишкен ийгиликтеринин карата жылына бир гана оюнчуга тапшырылат.