Биз социалдык тармакта

28-июнга карата аба ырайы

Эртең, 28-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Нарын дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан